Чек ара жаңжалында жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иштери башталды

Чек ара жаңжалында жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иштери башталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, учурда ведомствонун кызматкерлери Баткен облусунда иштеп, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте документке муктаж жарандардын тизмесин түзүшүүдө.   Андан тышкары, аймакта көчмө калкты тейлөө борборлору уюштурулат. Суроолор боюнча жарандар 119 кыска номерине… Кененирээк…

Кыргызстан жана Тажикстан 9-майга чейин чек аранын 112 чакырымын такташат

Кыргызстан жана Тажикстан 9-майга чейин чек аранын 112 чакырымын такташат. Бул тууралуу Максат айылына болгон сапарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарыялады.   Ал белгилегендей, эки тарап бир нече тилке боюнча бир пикирге келе алышты. Учурга карата чектеш аймакты изилдөө боюнча түзүлгөн биргелешкен атайын комиссия иштөөсүн… Кененирээк…

Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусуна тиешелүү тилкесинде сел жүрдү

Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусуна тиешелүү тилкесинде сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-майда   кечки саат 7де жол жээгинде суу көбөйүп, сел жүргөн.   Учурда жол бир тараптуу ачык. Жол тейлөө ишканасынын эки оор техникасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүүгө 700 миллион сом бөлүндү

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүүгө 700 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.   Ал тактагандай,  500 миллион сом социалдык объектилерди курууга жана оңдоого жумшалса, калган 200 миллион сом талкаланып, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.   Учурда жеринде… Кененирээк…