Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусуна тиешелүү тилкесинде сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-майда кечки саат 7де жол жээгинде суу көбөйүп, сел жүргөн.
Учурда жол бир тараптуу ачык. Жол тейлөө ишканасынын эки оор техникасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө.