Кыргызстан жана Тажикстан 9-майга чейин чек аранын 112 чакырымын такташат

Кыргызстан жана Тажикстан 9-майга чейин чек аранын 112 чакырымын такташат. Бул тууралуу Максат айылына болгон сапарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарыялады.

 

Ал белгилегендей, эки тарап бир нече тилке боюнча бир пикирге келе алышты. Учурга карата чектеш аймакты изилдөө боюнча түзүлгөн биргелешкен атайын комиссия иштөөсүн улантууда.

 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 519 чакырымы гана такталган. Ошол себептен чектеш аймактарда жаңжалдар катталып келет.