Баткен облусуна 120 тонна гуманитардык жүк жеткирилди

Баткен облусуна 120 тонна гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Анын айтымында, “Баткенге жардам” штабы 4 күндө азык-түлүк жана кийим-кече чогултту.   Андан тышкары, гуманитардык колдоону башка аймактар дагы көрсөтүп жатат. Солтонбекова белгилегендей, Баткенде жүктү туура бөлүштүрүү боюнча… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң бай адамы эми бойдок

Дүйнөнүн эң бай адамы эми бойдок. «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 27 жылдан бери түтүн булатып келген жубайы Мелинда менен ажырашуу чечимин кабыл алды.   Түгөйлөрдүн бирге иштеткен бизнестери бар болгондуктан, алар кызматташуусун уланта берет. Белгилеп кетсек, Билл Гейтс дүйнө жүзүндөгү эң бай беш адамдын бири,… Кененирээк…

Баткенде абал тынч, милиция күнү-түнү нөөмөттө турат

4-майга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынын баарында абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Чек арадагы айылдар толук көзөмөлдө экени айтылды. Аймакта 47 тергөө тобу кылдат жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Чек арадагы жаңжалда талкаланган социалдык объектилер, турак үйлөр жана башка… Кененирээк…

Токмок шаардык кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Токмок шаардык кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, шайлоолордо административдик ресурс колдонуу жана бир үйгө добуш берүүчүлөрдү массалык каттоо сыяктуу бузуулар аныкталды.   Анын негизинде Токмок шаарындагы 7 шайлоо тилкедеги добуштар жокко чыгырылды.   Кайра… Кененирээк…

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландалууда

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландалууда.   Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, алардын арасында медициналык түйүндөр, мектептер, бала бакчалар жана мамлекеттик органдардын имараттары бар. Жаңы билим берүү мекемелери  Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында пайда болот. Ак-Сай — Рават, Кулунду – Максат — Арка, Чайхана… Кененирээк…

Жаңы биометрикалык чет элдик паспорттор менен катар буга чейинки үлгүдөгү документтер бирдей колдонулат

Жаңы биометрикалык чет элдик паспорттор менен катар буга чейинки үлгүдөгү документтер бирдей колдонулат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.   Андан такташкандай, 2006-жылкы үлгүдөгү чет элдик паспорттордун жарактуу мөөнөтү аягына чыга элек болсо, алар мурдагыдай эле юридикалык күчкө ээ. Эске салсак, биометрикалык чет элдик… Кененирээк…

Кыргызстанга майдын аягына чейин AstraZeneca британиялык вакцинасы жеткирилет

Кыргызстанга майдын аягына чейин AstraZeneca британиялык вакцинасы жеткирилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жарыялады. Анын айтымында, препарат менен эмдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар өлкөгө алынып келинди.   Өкмөт башчы белгилегендей, вакцинаны акысыз ар бир каалоочу ала алат.   Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан келтирилген зыян тууралуу алдын-ала маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан келтирилген зыян тууралуу алдын-ала маалымат берди. Алсак, Баткен облусунда  78 турак-жай, 2 мектеп, фельдшер-акушердик түйүн, бала бакча, 10 май куюучу станция, 8 дүкөн жана 2 мамлекеттик мекеме жарактан чыкты.   Ведомстводон эске салышкандай, министрдин жетекчилиги алдындагы атайын комиссия… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең Бишкек — Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Сары-Таш — Иркештам жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Аталган багыттар менен сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 5-май майрамдык эс алуу күнү болгондуктан, анын алдындагы иш күнү кыскартылат.   Бейшемби, 6-майда кыргызстандыктар кайрадан жумушка чыгат. 9-май Жеңиш күнү жекшембиге туура келгендиктен, майрамдык эс алуу 10-май, дүйшөмбүгө жылдырылды. Андан тышкары, кийинки… Кененирээк…