Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын айрылган джинсы кийүүгө тыюу салды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын айрылган джинсы кийүүгө тыюу салды. Андан тышкары, пирсинг жасатууга, адаттан тышкары чач кырктырууга жана боего уруксаат берилбейт. Daily Mirror басылмасы билдиргендей, Түндүк Корея калкына чач кырктыруунун белгилүү моделине гана уруксаат берилет. Тыюу салууларга баш ийбегендер жана модага ылайык болууну… Кененирээк…

“Бишкексууканал” Көк-Жар, Лебединовка жана Новопавловка айылдарына таза суу берүүнүн көлөмүн чектеди

“Бишкексууканал” Көк-Жар, Лебединовка жана Новопавловка айылдарына таза суу берүүнүн көлөмүн чектеди. Мэриянын маалыматына ылайык, мындай чара аталган айылдык башкармалыктардын карыздары көбөйгөнүнө байланыштуу. Май үчүн жалпы карыздын көлөмү 17 миллион сомдон ашат. Анын ортосунда, мэриядан белгилешкендей, учурда берилип жаткан суунун көлөмү тургундардын муктаждыгына жана керектөөсүнө жетиштүү… Кененирээк…

Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр модасынын фестивалы өтөт

Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр модасынын фестивалы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн белгилүү дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана  коноктор келет. Белгилеп кетсек, фестиваль Ысык-Көлдүн жээгинде 15-июлда старт алат. Ал быйыл үчүнчү ирет өткөрүлөт. Фестивалда көчмөндөр салтынын элементтери камтыган дүйнөлүк мода көрсөтүлөт.

Чек арага жакын айылдардан келген мигранттар патентсиз иштесе айып төлөйт

Чек арага жакын айылдардан келген мигранттар патентсиз иштесе айып төлөйт. Салык кызматынан эскертишкендей, мындай эреже бузуу үчүн ички иштер министрлиги 10 миң сом, ал эми Салык кызматы 3 миң сом айып салат. Чек ара аймактарындагы эмгек мигранттарын ишке алган кыргызстандыктар аталган адамдардан патентинин болушун талап… Кененирээк…

25-майда республиканын жолдорунда кыймыл күчөтүлгөн режимде көзөмөлгө алынат

25-майда республиканын жолдорунда кыймыл күчөтүлгөн режимде көзөмөлгө алынат. Мындай чаралардын көрүлүшү мектепти аяктоого жана окуу жылынын бүтүшүнө байланыштуу, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан. Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине мугалимдерге, лимузин жана башка унаа ижарачыларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Андан тышкары, Бишкектин бардык кире беришинде,… Кененирээк…

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Ровное айылында пайда болду. Анда орто жана жогорку топтогу балдар тарбияланат. Объекти 50 орунга чакталат, анын аянты 950 чарчы метрди түзөт, имаратта уктоочу бөлмөлөр, музыкалык зал, буфет, процедуралык жана медициналык кабинеттер, техникалык бөлмөлөр… Кененирээк…

Ордо калаада троллейбустар жумасына эки ирет санитардык талаптарга карата текшерилет

Ордо калаада троллейбустар жумасына эки ирет санитардык талаптарга карата текшерилет. 124 троллейбус текшерилип, андагы жүргүнчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү санитардык режимди сактабай, бет кабы жок жүргөнү аныкталды, — дешти троллейбус башкармалыгынан. Пандемия шартында санитардык эрежелерди бузгандарга алгач эскертүү берилет, экинчи ирет кайталанса Эреже бузуулар кодекси боюнча административдик… Кененирээк…

Бишкекте акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүү пландалууда

Бишкекте акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүү пландалууда. Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, салтанатты аралыктан өткөрүүнүн эч кандай артыкчылыгы жок. Балдар ансыз деле мектепке келип, бири-бири менен байланышта. Андан улам, салтанат атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт. Мындай чечим штабдын жыйынында кабыл… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш комитети «Коопсуз шаар» долбооруна айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамдын концепциясын жактырды

Жогорку Кеңеш комитети «Коопсуз шаар» долбооруна айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамдын концепциясын жактырды. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, мыйзам долбоор жол эрежелерин бузган үчүн айыптын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, бир катар айыптарды төмөндөтүү сунушталууда. Алсак, айып 15 күндүн ичинде… Кененирээк…

Кыргызстанга 420 миң доза вакцинанын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга 420 миң доза вакцинанын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. Анын айтымында, препарат Дүйнөлү к COVAX программасынын алкагында жеткирилет. Учурда россиялык “Спутник V” вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды. 24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген кытайлык… Кененирээк…