25-майда республиканын жолдорунда кыймыл күчөтүлгөн режимде көзөмөлгө алынат.
Мындай чаралардын көрүлүшү мектепти аяктоого жана окуу жылынын бүтүшүнө байланыштуу, — дешти
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан. Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн
ата-энелерине мугалимдерге, лимузин жана башка унаа ижарачыларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Андан тышкары, Бишкектин бардык кире беришинде, тоолордун эс алуу базаларында жана оюн-зоок
мекемелеринде көзөмөл күчөтүлөт. Тартип сакчылар эскертишкендей, ковиддин жайылышы күчүндө.
Андыктан массалык иш-чараларды өткөрүү сунушталбайт. Оор тартип бузуу үчүн мыйзам чегинде чара көрүлөт.