Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр модасынын фестивалы өтөт.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн белгилүү
дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана коноктор келет. Белгилеп кетсек, фестиваль
Ысык-Көлдүн жээгинде 15-июлда старт алат. Ал быйыл үчүнчү ирет өткөрүлөт.
Фестивалда көчмөндөр салтынын элементтери камтыган дүйнөлүк мода көрсөтүлөт.