Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн 2-этабы старт алды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн 2-этабы старт алды. Бүгүн бүтүрүүчүлөр негизги тестти тапшырат. Эртең, 22-майда предметтик тест болот. Белгилеп кетсек, өлкөдө ЖРТ 115 борбордо өтүп жатат. Аларда медициналык түйүндөр уюштурулуп, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери нөөмөттө турат. Бүтүрүүчүлөрдүн дене табы текшерилип, жеке коргонуучу каражаттар тапшырылууда. Тестирлөөгө жалпысынан… Кененирээк…

Баткендиктер төрт жерден вакцина ала алышат

Баткен облусундагылар төрт жерден коронавирус оорусун алдын алган вакцинаны сайдыра аларын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Убактылуу ачылган эмдөө пунктулары: Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борбору; Кадамжай шаарындагы аймактык оорукана; Лейлек районундагы №1,2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу; Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик практика борбору. Марттын этегинде… Кененирээк…

Чүй облусунун Панфилов районунда 2 объекти пайдаланууга берилди

Чүйдүн Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагындагы Ровный айылында 50 орундуу бала бакча жана кичи футболдук аянтчанын курулушу 25 млн 400 миң сомго бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңылмурза Баязова билдирди. Маалым болгондой, Ровный айылы Күрпүлдөк айыл аймагындагы Казакстан менен чектешкен… Кененирээк…

Бишкек мэриясы бир катар билим берүү объектилерин оңдоону пландап жатат

Бишкек мэриясы бир катар билим берүү объектилерин оңдоону пландап жатат. Алсак, №75-бала бакчанын фасады жана суу системасы жаңыланат. №6-автордук окутуу-тарбиялоо мектеп  гимназия комплексинде акты залы жана фойеси оңдолот. Андан тышкары, №28-мектептин жылуулук системасы оңдоого муктаж болсо, №27-мектептин чатырын алмаштыруу зарыл. Мэриядан белгилешкендей, калыбына келтирүү иштерине… Кененирээк…

Кыргызстанда катталган катуу шамал Талас облусунда имараттардын чатырын учуруп кетти

Кыргызстанда катталган катуу шамал Талас облусунда имараттардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ ылдамдыгы  секундасына 15-20 метрге жеткен шамал Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата, Ак-Дөбө жана Боо-Терек айылдарында турак жайлардын, Кызыл-Сай айылындагы устакананын 144 чатырын учурду. Аба массасынан жабыркаган… Кененирээк…

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына 8 санитардык унаа сатып алынды

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына 8 санитардык унаа сатып алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, атайын унаалар Ноокат, Ысык-Көл, Ала-Бука, Сокулук, Ысык-Ата, Ак-Сай, Жумгал, Базар-Коргон район жана бөлүм аралык борборлорго тапшырылды. Санитардык унаалар Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, жаңы кызматка Дастан Догоев бекитилди. Ал буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси болуп эмгектенген. Ал эми буга чейин кызматты аркалап келген Азамат Дыйканбаев пара талап кылууга… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин Саманчин, Чүй, Удмуртск, Көлбаев, Лермонтов, Курманалиев, Кишинев, Түлөбердиев, Саадаев, Ынтымак, Архитекторский, Манас, Панфилов көчөлөрүндө, ”Киргизия 1,2,” “Манас” айылдарында, “Ак-Босого”, “Ынтымак”, “Кырман”, “Арча-Бешик”, “Кара-Жыгач” конуштарында электр энергиясы жок болот. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине… Кененирээк…

АФКнын Кубогу үчүн топтук этапта “Алай» “Худжантка” утулуп калды

АФКнын Кубогу үчүн топтук этапта Кыргызстандын “Алай командасы Тажикстандын “Худжант” курамасына утулуп калды. Беттеш Ташкент шааында 0:2 эсебинде жыйынтыкталды. Эске салсак, Кыргызстан кубогунун ээси “Алай” командасы F тайпасында ойноп, Өзбекстандык, Түкмөнстандык жана Тажикстандык футболчуларга утулду. Ал эми Е тайпасында ат салышып жаткан “Дордой” курамасы АФК… Кененирээк…