Чүй облусунун Панфилов районунда 2 объекти пайдаланууга берилди

Чүйдүн Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагындагы Ровный айылында 50 орундуу бала бакча жана кичи футболдук аянтчанын курулушу 25 млн 400 миң сомго бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңылмурза Баязова билдирди.

Маалым болгондой, Ровный айылы Күрпүлдөк айыл аймагындагы Казакстан менен чектешкен айылдардын бири.

«2018-жылдын 28-июнунда АРИС менен айыл өкмөтүнүн ортосунда курулуш иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн. Тендер боюнча бала бакчага 23 млн 98 миң 758 миң сом каражат жумшалды. Анын ичинен 2 млн сомго жакын каражат жергиликтүү бюджеттен каралган. Ал эми кичи футболдук аянтчаны куруу үчүн «Дем берүүчү гранттар» программасы менен 2020-жылы долбоор түздүк. Тендерден утуп алгандар курулуш иштерин бүтүрүштү. Ага 2 млн 325 миң 810 сом жумшалды. Ал эми өздүк булактан 592 миң 241 сом бөлүндү», — деди ал.

Ал эми райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Гүлбарчын Исакова: «50 орундуу «Керемет» балдар бакчасынын жана кичи футболдук аянтчанын курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши элеттик жаш муундарга камкордук болду. Архитектурадан тиешелүү иш кагаздары даярдалып, аларга көмөк көрсөттүк. Аймактарды өнүктүрүү, элдин социалдык маселелерин чечүүдө бул жайлар оң таасирин береринде шек жок», — деди.