Кыргызстанда катталган катуу шамал Талас облусунда имараттардын чатырын учуруп кетти.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата,
Ак-Дөбө жана Боо-Терек айылдарында турак жайлардын, Кызыл-Сай айылындагы устакананын
144 чатырын учурду. Аба массасынан жабыркаган адамдар катталган жок.