Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, жаңы кызматка Дастан Догоев бекитилди.

Ал буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, Маалыматтык технологиялар жана байланыш

комитетинин жетекчиси болуп эмгектенген. Ал эми буга чейин кызматты аркалап келген

Азамат Дыйканбаев пара талап кылууга шектелип, убактылуу кармоочу жайга кигизилди.