Бишкек мэриясы бир катар билим берүү объектилерин оңдоону пландап жатат.
Алсак, №75-бала бакчанын фасады жана суу системасы жаңыланат. №6-автордук
окутуу-тарбиялоо мектеп гимназия комплексинде акты залы жана фойеси оңдолот.
Андан тышкары, №28-мектептин жылуулук системасы оңдоого муктаж болсо,
№27-мектептин чатырын алмаштыруу зарыл. Мэриядан белгилешкендей,
калыбына келтирүү иштерине каражат калаа бюджетинен бөлүнүп берилет