Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына 8 санитардык унаа сатып алынды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, атайын унаалар Ноокат, Ысык-Көл,
Ала-Бука, Сокулук, Ысык-Ата, Ак-Сай, Жумгал, Базар-Коргон район жана бөлүм аралык борборлорго тапшырылды.
Санитардык унаалар Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында алынды.