Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн 2-этабы старт алды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн 2-этабы старт алды.

Бүгүн бүтүрүүчүлөр негизги тестти тапшырат. Эртең, 22-майда предметтик тест болот.

Белгилеп кетсек, өлкөдө ЖРТ 115 борбордо өтүп жатат. Аларда медициналык түйүндөр уюштурулуп,

дарыгерлер жана милиция кызматкерлери нөөмөттө турат. Бүтүрүүчүлөрдүн дене табы текшерилип,

жеке коргонуучу каражаттар тапшырылууда. Тестирлөөгө жалпысынан 42 миң 817 окуучу катталган.