Кыргызстанда 174 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Кыргызстанда 174 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, тизмеде мектептер, бала бакчалар, спорт комплекстери, ооруканалар, маданий объектилер, суу түтүктөрү бар.

 

Каржылоо “Капиталдык салымдар” беренеси менен жүргүзүлүүдө. Быйыл бул максаттарга Каржы жана экономика министрлиги 1 миллиард сомдон ашык бөлүүнү пландады.