Кыргызстан калкын каттоо 321 миллион сомго айланат

Кыргызстан калкын каттоо 321 миллион сомго айланат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоо бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева билдирди.   Анын айтымында, сумманын 90 пайызы каттоону өткөрө турган кызматкерлерге айлык төлөөгө жумшалат. Алардын саны 25 миңди түзөт. Ар бири болжол менен 7 миң сомдон алат.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 386 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 386 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, айыгып чыккандардын көбү Бишкекке жана Чүй облусуна туура келет. Ушуну менен өлко боюнча пандемия катталгандан бери 97 миң 191 адам ковидди жеңип чыкты.

Жалал-Абаддан Ысык-Көл облусундагы Тамчы шаарына 8 жыл өткөндөн кийин аба каттам жанданат

Жалал-Абаддан Ысык-Көл облусундагы Тамчы шаарына 8 жыл өткөндөн кийин аба каттам жанданат. Аталган маршрут боюнча алгачкы рейс 18-июнга белгиленди. Аба жолдору жумасына бир ирет же күн сайын уюштурулабы, кийинчерээк аталган  багыт боюнча учууну кааалган жүргүнчүлөрдүн санына жараша чечилет.

Кыргызстанда калкты кайра каттоону быйыл сентябрда өткөрүү пландалууда

Кыргызстанда калкты кайра каттоону быйыл сентябрда өткөрүү пландалууда. Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Римма Чыныбаева билдиргендей, кайра каттоо алгачкы ирет электрондук форматта өтөт. Тагыраагы, каттоочулар смартфонго көчүрүлгөн атайын программага маалыматтарды толтуруп, киргизет. Жалпысынан смартфону бар 25 миң каттоочуну ишке тартуу пландалууда. Чыныбаева белгилегендей, калкты кайра… Кененирээк…

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, Суракматов кызмат учурунда коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталды. Алсак, муниципалитетке тиешелүү жерлер коммерциялык мекемелерди жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген. Аларга тиешелүү документтерди берүү үчүн мэриянын айрым кызматкерлерине жана курулуш иштерин көзөмөлдөгөн… Кененирээк…

Африкадагы активдүү деп эсептелген жанар тоонун бири Ньирагонго ойгонду

«National Geographic Россия» сайтынын маалыматына караганда, Африкадагы активдүү деп эсептелген жанар тоонун бири Ньирагонго 22-майдан тарта ойгоно баштаган. Эки миллион жашоочусу бар Гома шаарынын тургундары жапырт көчүрүлгөн. Алгач эскертүү жасала электе эле жашоочулар коопсуз жайга өздөрү кете баштаган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Киву көлүнүн жанынан ири… Кененирээк…

Ак-Суу районунун Токтогул айылында бала бакча ачылды

Ак-Суу районунун Токтогул айылында бала бакча ачылды. Турмуш басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 2 тайпада балдарды тарбиялайт. Бакча айыл өкмөттүн бош турган имаратында жайгашат. Объектини калыбына келтирүү иштерине 5 миллион сом жумшалды. Айылда буга чейин күнүнө 3 саат гана иштеген бакча бар болчу.

Бишкектеги муниципалдык коомдук унааларда жол кирени эми QR-код аркылуу төлөсө болот

Бишкектеги муниципалдык коомдук унааларда жол кирени эми QR-код аркылуу төлөсө болот. Мэриядан билдиришкендей, жол акысын төлөө үчүн смартфонго “Тулпар” тиркемесин көчүрүп, + белгисин басып, QR-кодду сканерлеп же транспорттун кире беришиндеги кодду терүү керек. Төлөм кабыл алынганын “жүрүүнүн тарыхы” бөлүмүнөн көрсө болот. Мындай жаңычылдык азырынча №2,… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июндан тартып унааларды алымдын нөл ставкасы менен кайра каттоо арзандайт

Кыргызстанда 1-июндан тартып унааларды алымдын нөл ставкасы менен кайра каттоо арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акция учурунда унааны кайрадан каттоонун баасы чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1 миң 360 сомду түзөт. Унааны кайра каттоонун баасын төмөндөтүү — убактылуу акция, ал 31-декабрга… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-сентябрга чейин миллион кыргызстандыкты эмдөөнү пландап жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-сентябрга чейин миллион кыргызстандыкты эмдөөнү пландап жатат. Учурда дээрлик 77,5 миң өлкө жашоочулары коронавируска каршы вакцина алды. Анын ичинен экинчи дозаны алгандардын саны 27 миңди түзөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, азырынча биздин республика вакцинациянын жүрүү темпи… Кененирээк…