Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды

Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинже кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

 

“Бишкасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жолдун асфальт катмарын жаңыртып, бордюрларды орнотот.

 

Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.