Зинедин Зидан “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти

Зинедин Зидан “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти. Мындай чечимге ал өзү келди. Белгилеп кетсек, 48 жаштагы Зидандын “Реал” менен келишими 2022-жылга чейин болчу.

 

Сезондун аягында клуб 2010-жылдан бери биринчи жолу кубоксуз калды. Клуб быйылкы сезонду Испания чемпионатын                84 упай менен экинчи орунда жыйынтыктады.

 

Андан тышкары, Чемпиондор Лигасынын жарым финалында “Челси” клубуна утулуп калган.