Кыргызстанда доллар эми кымбаттоо позициясында

Кыргызстанда доллар эми кымбаттоо позициясында. Бир сутка ичинде америкалык валютанын куну 50 тыйынга көтөрүлдү. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар 83 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 80 тыйынга сатышууда.

 

Улуттук банк азырынча валюта серпилүүсүнө таасир бере  элек, андыктан, интервенция дагы өткөрүлгөн жок. Белгилеп кетсек, доллар позициясын жоготуп, 10 күндө 1 сом 70 тыйынга арзандады. Адистер муну долларга болгон суроо талаптын төмөндөшү менен түшүндүрүүдө.