Кыргызстанга 5-майда келген көчмө клиникалар аймактарга жеткириле элек

Кыргызстанга 5-майда келген көчмө клиникалар аймактарга жеткириле элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ведомство жетекчиси белгилегендей, бул бюрократиялык процедуралардан болууда.

 

Унаалар каттоодон өтүп, камсыздандырылышы керек болчу. Күтүлгөндөй, маселелер жакынкы арада чечилет. Эске салсак, Ислам өнүктүрүү банкы көчмө клиникаларды тартуулаган.