Нигерияда «Твиттерге» тыюу салынды

Нигериянын өкмөтү «Твиттерге» тыюу салып, анын колдонуучуларын камоо тууралуу прокуратурага көрсөтмө берди. CNN телеканалы маалымдагандай, тыюу 4-июндан тарта салынды. Маданият жана маалымат министрлиги «Твиттердин» Нигериянын аймагында ишмердүүлүк кылуусуна мөөнөтсүз тыюу салган. Эки күн мурун соцтармак Нигериянын президенти Мухаммад Бухаринин постун алып салган. Министр Лай Мухаммед… Кененирээк…

Россия гречканы экспорттоого тыюу салды

Россия гречканы экспорттоого тыюу салды. Чектөө 31-августка чейин күчүндо болот. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Анын ортосунда, тыюу салуулар Россиядан гуманитардык жардам жана жеткирүү үчүн экспорттолгон товарларга, ошондой эле Россиянын чет өлкөдөгү аскер базаларына, Россия аркылуу ташылган транзиттик жүктөргө колдонулбайт. Тыюу салуу өлкөдөгү… Кененирээк…

Баткендеги балдар экинчи агым менен Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан жабыркаган аймактагы балдар экинчи агым менен Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, чектеш айылдардан 100 бала жана 15 мугалим ден соолукту чыңдоо борборунда 10 күн эс алышат. Ал учурда балдар менен психологдор жана аниматорлор иштешет. Андан тышкары… Кененирээк…

Жерде иче турган суунун кору азаюуда

Глобалдык жылуулуктун айынан Жерде иче турган суунун кору азайып, таза суунун экосистемасынын тең салмактуулугу бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу «Известия» жазды. Мындай тыянакка Ренсселера (АКШ) политехникалык институтунун окумуштуулары келген. Алар глобалдык жылуулуктун тездешинен улам суусу таза көлдөрдө кычкылтектин деңгээли төмөндөгөнүн байкашкан.   Адистер 393 суу объектисин… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, бүгүн саат 9дан кечки 7ге чейин Токтогул, Акиев, Сыдыков, Айкөл, Малышев, Краснодонцев, Баялинов, Багратион, Минск, Токтоналиев, Шопоков, Ибраимов, Жибек Жолу, Жумабек, Ташкөмүр көчөлөрүндө, Көлмө жана Ак-Өргө конуштарында электрэнергиясы болбойт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу  

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы бүгүн 7-июнда Японияда беттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы бүгүн 7-июнда Японияда тыныгуудан кийинки беттешин өткөрөт. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында биздин команда Монголия менен ойнойт.  Кыргызстан ойногон F тайпасынын оюндары Осака шаарында болот. Андан кийин биздин футболчулар 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.

Кайра өтө турган 3 шаардык кеңештин шайлоосуна катыша турган добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 17-июнда даяр болот

Кайра өтө турган Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештин шайлоосуна катыша турган добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 17-июнда даяр болот. 24 агенттигине БШКдан билдиришкендей, жарандар алдын ала маалыматтар менен tizme.gov.kg сайтынан 9-июнга чейин таанышса болот. Маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана даректи алмаштыруу боюнча №1-формага билдирүүлөр 2-июлга чейин кабыл алынат.… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире мурдагыдай эле 10 сомдон

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире мурдагыдай эле 10 сомдон. Тарифтер шаардык кеңеш чечим кабыл алганга чейин өзгөрбөйт, — деп билдиришти калаа мэриясынан. Учурда айдоочулардын көбү кадимки тартипте иштеп жатат. Муниципалитеттен белгилешкендей, өзү билемдик менен тарифтерди көтөрүп алган учурлар аныкталса жүргүнчү ташуучу фирмалар мыйзамга ылайык жоопко… Кененирээк…

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери кадимки тартипте кызмат өтөп баштады

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери кадимки тартипте кызмат өтөп баштады. Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде абал туруктуу, — деп билдиришти чек ара кызматынан. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурда жайгашкан ордуна алып кетүү аяктады. Ошондой… Кененирээк…