Бишкектеги Карагач токоюндагы Комсомол көлү шаардыктардын эс алышына даярдалып жатат

Бишкектеги Карагач токоюндагы Комсомол көлү шаардыктардын эс алышына даярдалып жатат. “Шаар парктары” ишканасынын жетекчиси Калича Өмүралиева билдиргендей, суу объектисин 10-июнда толтуруу пландалууда.  Муниципалитет сууну дезинфекциялоо максатында кум, туз жана хлордуу кальций сатып алды. Ошондой эле Пионер көлү дагы ачылып калышы мүмкүн. Муниципалитеттин планына ылайык, бири… Кененирээк…

Кыргызстан англис тилин алып жүрүүчүлөр боюнча дүйнөлүк рейтингде 96-орунда жайгашты

Кыргызстан англис тилин алып жүрүүчүлөр боюнча дүйнөлүк рейтингде 96-орунда жайгашты. Жалпысынан тизмеге 100 өлкө кирди. Былтыркыга салыштырмалуу биздин олкө 3 сапка жогорулады. Буга карабай көрсөткүч мурдагыдай эле төмөн деп бааланууда. Тагыраагы, орточо кыргызстандык туристке өзү тууралуу бир катар сөздөрдү айтып жана ага жөнөкөй багыт көрсөтө… Кененирээк…

Ханзаада Гарри жана Меган Маркл уулунан кийин кыздуу болушту

Ханзаада Гарри жана Меган Маркл уулунан кийин кыздуу болушту. Ага ата-энеси Лилибет деген ысым ыйгарышты. Ал АКШнын Санта-Барбара шаарында жарык дүйнөгө келди.  Ымыркайдын ысымы ханзааданын Диана апасынын элесине арналып коюлду. Аны кичинекей кезинде “Лили” деп эркелетишкен. Кошумчаласак, Гарри жана жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым… Кененирээк…

Бишкектин конуштарында жолдорду оңдоо иштери уланууда

Бишкектин конуштарында жолдорду оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар “Арча-Бешик”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо”, “Ак-Босого”, “Эне-Сай”, “Ак-Тилек”, “Учкун” жана “Ынтымак” конуштарында жүрүп жатат. Курулуш Кытай тараптан каржыланат. Долбоордун алкагында 34 чакырым жол куруу каралса, быйыл 44 кийинки жылы 16 көчөнү оңдоо пландалууда.

Улуттук статистика комитети кайсы тармактарда маяна көбөйгөнүн жарыялады

Улуттук статистика комитети кайсы тармактарда маяна көбөйгөнүн жарыялады. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март аралыгында маалымат жана байланыш — 27 пайызга, транспорт жана жүктөрдү сактоо — 11,5 пайызга, мейманкана жана ресторан — 11 пайыз, илимий, техникалык ишмердүүлүк жана кен казуу тармагында — 10 пайызга, өндүрүш иштетүү… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 275 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 275 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, айыккандардын көбү Бишкекте, Чүй жана Ош облусунда.  Ушуну менен өлко боюнча пандемия катталгандан бери 100 миң 722 адам вирусту жеңип чыкты.

Куудул жана сатирик Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул жана сатирик Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын айтуусуна караганда, ал 6-июндан 7сине караган түнү дүйнө салган. Маалым болгондой, ал пневмонияга чалдыгып ооруканада дарыланып жаткан. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.… Кененирээк…

Apple компаниясы кызматкерлер кеңсеге жумасына үч ирет келишин талап кылган жаңы эрежени жарыялады

Apple компаниясы кызматкерлер кеңсеге жумасына үч ирет келишин талап кылган жаңы эрежени жарыялады. Бирок, компаниянын кызматкерлери буга макул эмес. Алардын айтымында, онлайн форматта иштөө өзүнө, жакындарына кам көрүүгө жана жол жүрүүгө кеткен убакытты үнөмдөөгө шарт түзүп, команданын ынтымагын арттырды. Аралыктан иштөө позициясын 2 миң 800… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын беттештери түз алып көрсөтүлөт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын бүгүн өтө турган беттештери түз алып көрсөтүлөт. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, биздин команда түшкү саат 1де Монголия менен ойнойт. 11-июнда ушул эле убакта Мьянма менен кез келет жана 15-июнда саат 4,5да Япония менен кез келет. Эске салсак, биздин команда F… Кененирээк…

БШК Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге кайра өтө турган шайлоонун чыгымдар сметасын бекитти

БШК Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге кайра өтө турган шайлоонун чыгымдар сметасын бекитти. Ага ылайык, 1 миллион 242 миң сом жолдо жүрүүгө багытталат, кызматтык сапарга 644 миң сарпталса, 4 миллион 420 миң сом чарба товарларына жумашалат. Ал эми башка чыгымдар графасында дээрлик 21 миллион деп… Кененирээк…