Кайра өтө турган Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештин шайлоосуна катыша турган
добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 17-июнда даяр болот. 24 агенттигине БШКдан билдиришкендей,
жарандар алдын ала маалыматтар менен tizme.gov.kg сайтынан 9-июнга чейин таанышса болот.
Маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана даректи алмаштыруу боюнча №1-формага
билдирүүлөр 2-июлга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо 11-июлда өтөт.