Баткендеги балдар экинчи агым менен Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан жабыркаган аймактагы балдар экинчи агым менен

Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей,

чектеш айылдардан 100 бала жана 15 мугалим ден соолукту чыңдоо борборунда 10 күн эс алышат.

Ал учурда балдар менен психологдор жана аниматорлор иштешет. Андан тышкары маданий

программаларга искусство өкүлдөрү тартылат. Иш-чаралар балдарды калыбына

келтирүүгө багытталат жана мындай иштер дагы уланат.