Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире мурдагыдай эле 10 сомдон

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире мурдагыдай эле 10 сомдон.

Тарифтер шаардык кеңеш чечим кабыл алганга чейин өзгөрбөйт, — деп билдиришти

калаа мэриясынан. Учурда айдоочулардын көбү кадимки тартипте иштеп жатат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, өзү билемдик менен тарифтерди көтөрүп

алган учурлар аныкталса жүргүнчү ташуучу фирмалар мыйзамга ылайык жоопко тартылат.

Аталган фактылар катталган учурда шаар тургандары сүрөт, видеого

тартып 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтсө болот.