Фарид Ниязов 10-августка чейин №1 тергөө абагында калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-июнда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узартып, 10-августка чейин №1 тергөө абагында калтырды. Анын адвокаты Замир Жоошевдун айтымында, прокурор күбөлөрдүн баарын сурай электигин билдирип, Ниязовдун бөгөт чарасын узартууну сураган. «Мыйзамга ылайык, тергөөдө ушундай зарылчылык болсо, ал айыпталуучуну… Кененирээк…

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос космоско учат

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 20-июлда космоско учат. Бул тууралуу миллиардер «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялады. Безос жана иниси Марк менен бирге өзү түзгөн New Shepard ракетасы менен сапарга чыгат. Анын ортосунда миллиардер ракетага учуу анын кыялы экенин билдирди. Бул аукционго 140тан ашык өлкөдөн алты миң киши… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бала бакча пайда болот. Курулуш иштери Ак-Өлөң айылында башталды. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 балага чакталат, — дешти Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан. Жаңы бакчада бөбөктөрдүн сапаттуу билим алышына бардык шарттар түзүлөт. Курулуш иштерине фонддун эсебинен 43 миллион сом багытталат. Буга чейин аталган… Кененирээк…

Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген каражатка вакцина сатып алат

Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген каражатка вакцина сатып алат. Тагыраагы, 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза препарат алынат. Калган сумма башка медициналык муктаждыкка багытталат, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов. Вакцинанын бир дозасы 17 долларга барабар. 1 миллион компонет 500… Кененирээк…

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялык кызмат орундарына (8 талапкер), ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондук сотторунун… Кененирээк…

Пакистандагы поезд кырсыгынан каза тапкандардын саны 40тан ашты

Пакистандагы поезд кырсыгынан каза тапкандардын саны 40тан ашты. Ондогон адамдар жаракат алышты. 7-июнда эртең менен болгон кырсык Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон. Карачиден Саргодхага бара жаткан жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип, каршы багытта келе жаткан поезд менен кагышкан. Окуя алыскы аймакта орун алгандыктан… Кененирээк…

Президент Садыр ЖапаровТүркияга расмий иш сапары менен барат

  Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди. Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн… Кененирээк…