Кыргызстан калкын каттоо качан өтөт азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Римма Чыныбаева билдирди.
Анын айтымында, бул маселе кийинки жумада каралат. Күтүлгөндөй, калкты жана турак-жай фондун каттоо ушул жылдын сентябрында өтөт. Эске салсак, жарандарды массалык каттоого алуу өткөн жылдын апрель айында эле өтмөк. Бирок пандемиядан улам, кампания кийинкиге жылдырылган.