Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү сезонуна даярдык көрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү сезонуна даярдык көрүүдө. Ведомстводон билдиришкендей, учурда куткаруучулар атайын даярдык курстарынан өтүп жатат.

 

Адистер ошондой эле, көлмөлөрдүн тазалыгын текшерип, кооптуу тилкелерде эскертүүчү баннерлерди илип жатат. Андан тышкары, министрлик эл көп чогулган жерлерде санитардык нормалардын сакталышын текшерет. Белгилеп кетсек, ордо калаада сууга түшүү сезону аба-ырайына карап ачылат.