Бишкек мечиттеринде 11-июндан тарта жума намаз окууга уруксат берилет

Бишкек мечиттеринде 11-июндан тарта жума намаз окууга уруксат берилет.   Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Андан такташкандай, жамаат менен намаз окуу бардык санитардык талаптарды сактоо менен өтүшү керек.   Мечитке келгендер беткап тагынып, 1,5 метрлик аралык сакталып, имарат 50 пайызга гана толуп, айланасы улам… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин жарыяланат

Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин жарыяланат.   БШКнын маалыматына ылайык, ага чейин кол менен саноо жүргүзүлүп, добуш берүүгө катышкан жарандардын тизмеси илинет. 24-июлдан кийин Боршайком жалпы маалымдоо каражаттарына жыйынтыктарды тартуулап, аймактык шайлоо комиссиялардын протоколдорун бекитип, июлдун аягына чейин расмий жыйынтыкты чыгарат.   Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 311 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 311 адам ковидди жеңип чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, сакайгандардын басымдуусу Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында. Ушуну менен олкодө пандемия катталгандан бери 101 миң 33 адам коронавирустан айыгып чыкты.  

Бишкекте абанын температурасы дагы рекорд жаратты

Бишкекте абанын температурасы дагы рекорд жаратты. Тагыраагы, кечээ 7-июнда, ордо калаада күндүз +36,7 градуска жетти. Бул нормадан 7 градуска жогору, — деп белгилешти синоптиктер. Белгилеп кетсек, июнь адаттагыдан ысык болуп, айдын башынан бери максималдуу ысык катталууда. Тарыхта барынан ысык июндун күнү 2005-жылы 23 числодо +41… Кененирээк…

Кыргызстанда Курман айт болжолдуу түрдө 20-21-июлга туура келет

Кыргызстанда Курман айт болжолдуу түрдө 20-21-июлга туура келет. Бул тууралуу Novosti.kgге мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Андан белгилешкендей, аталган күн айдын жаңырышына карап бир күнгө айырмаланышы ыктымал. Кошумчаласак, Орозо айт менен Курман айттын ортосунда 70 күн айырма болот. Бул күнү мусулмандар курмандык чалышат.

Кыргызстанда быйыл жыл аягына чейин 4 калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргызстанда быйыл жыл аягына чейин 4 калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу «Инфоком» ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, борборлор Кант, Кемин шаарларында, Оштун Араван жана Кара-Суу районунда пайда болт. Жетекчи белгилегендей, акыркы үч айдын ичинде 5 калкты тейлөө борбору ачылды. Ошондой эле калкты… Кененирээк…

Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналуууда

Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналуууда. Өсүмдүк өстүрүү жана интенсивдүү багбанчылык департаментинен билдиришкендей, эрте бышкан жашылча-жемиштин дүң жыйымы былтыркыга салыштырмалуу 3 миң 700 тоннага аз болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 10,5 миң тонна жашылча жана 3 миң тонна мөмө-жемиш жыйналды. Картошка 629 гектар аянттан казылып, өткөн… Кененирээк…

200 баткендиктин документи калыбына келтирилди

200 баткендиктин документи калыбына келтирилди. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, чек ара жанжалынан жабыркаган аймактардагы жарандардан өздүгүн тастыктаган документтерди алуу үчүн 300 арыз түштү. Калыбына келтирилген ID-паспорт, балдардын туулгандыгы тууралуу, нике күбөлүктөрү жана башка документтер жарандарга тапшырылды. Кошумчаласак, ведомствонун атайын түзүлгөн жумушчу тобу жеринде иштеп келди.

Ош шаарында күнү-түнү иштей турган стационар ачылды

Ош шаарында күнү-түнү иштей турган стационар ачылды. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн убактылуу мекеме Алишер Навои атындагы мектептин спорт залында уюштурулду, — деп билдиришти түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан. Анда дарыгерлер кайрылган бейтаптарга жардам көрсөтөт. Алдыда шаардын башка кичи райондоруна да стационар ачуу пландалууда, —… Кененирээк…

Россия мигранттардын өлкөгө келишин жөнөкөйлөтүп, аларды милдеттүү түрдө эмдөө ниетинде

Россия мигранттардын өлкөгө келишин жөнөкөйлөтүп, аларды милдеттүү түрдө эмдөө ниетинде. Вице-премьер Марат Хуснуллин  билдиргендей, өлкөдө мигранттардын аздыгы өзгөчө курулуш тармагында сезилип жатат. Ал эми курулуш объектилеринде жумушчулардын жетишсиздиги экономикалык алсыроого алып келет. Буга чейин бир гана Моксвада 300 миңдей эмгек мигранты жетишпей жаткан. Ага чет… Кененирээк…