Жалпы республикалык тестирлөөгө кийинки катталуу 14-21-июнь аралыгында жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кийинки катталуу 14-21-июнь аралыгында жүргүзүлөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

 

Абитуриенттер ордо калаадагы №24 мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгында каттала алат. Эске салсак, тестирлөөнүн өзү 22-23-июнда гана Бишкекте жана Ошто өтөт.

 

Ага кандайдыр бир себептер менен негизги жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калгандар катталса болот.