Жогорку Кеңештин комитети жол эрежелерин бузуулар үчүн айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамды жактырды

Жогорку Кеңештин комитети жол эрежелерин бузуулар үчүн айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамды жактырды. Ага ылайык, эки берене боюнча айыптар азаят – ылдамдыкты белгиленген көрсөткүчтөн 20 чакырым саатка ашыруу жана жол белгилерине баш ийбөө.

 

Учурда айдоочулар бул эрежелерди бузгандыгы үчүн 1 миң сом төлөшү керек. 15 күндүн ичинде төлөнсө, сумма 50 пайызга азаят.

 

Ал эми  өзгөрүүгө ылайык айып ошол бойдон калат, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70 пайыз арзандатуу каралган. Ошондо айдоочу 300 сом гана төлөшү керек болот.