7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышууга 13 саясий партиядан арыз берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдирди.
Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу 13-июнда аяктайт. Ага чейин аймактык шайлоо комиссиясынан ыйгарым укуктуу өкүлүн каттап, фондун ачып, курултайларын өткөрүп, тизмелерин тапшырышы керек.
Быйыл 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам жокко чыгарылган.
Кайра шайлоо 11-июлга дайындалды.