850 доллар же 72 миң сомдук гөлөч чыгарылды

850 доллар же 72 миң сомдук гөлөч чыгарылды. Ал кадимки гөлөч эмес,  такасы менен. Balenciaga бренди резина бут кийимдерин чыгарган Crocs компаниясы менен биргеликте  такалуу гөлөч тартуулады.   Жаңычылдык эки түстө чыгарылат – классикалык кара жана ачык жашыл. Мындай өзгөчө бут кийим үчүн 850 доллар… Кененирээк…

Ош облусунда эки мектептин курулушу жыйынтыкталды

Ош облусунда эки мектептин курулушу жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, алардын бири Маданият айылында жайгашса, экинчиси Кочубаев айылында.   Мектептердин ар бири  225 орунга ылайыкталган. Долбоордун сметалык баасы 158 миллион сомду түзөт.

Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт

Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт. Анын жүрүшүндө Кайгуул милициянын кызматкерлери жолдон Тез жардам кызматынын унаасын өткөрбөй аткан айдоочуларды аныктайт.   Тартип бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 10 миң сом айып салынат. Милициядан белгилешкендей, “Тез жардам” кызматы чакырууга ылдам жетиши керек, анткени, андан адамдардын өмүрү көз… Кененирээк…

Кыргызстанда унаа транспортун кайра каттоо боюнча улуттук кампания жүрүүдө

Кыргызстанда унаа транспортун кайра каттоо боюнча улуттук кампания жүрүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, акция 31-декабрга чейин өтөт.   Бул убакыт аралыгында унаа ээлери машинесин бекитилген баа менен – 460 сомдон каттай алат. Бул баага жаңы күбөлүк жана көрсөтүлгөн кызмат кирет.   Эгер бул учурда… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы беш май куюучу жайга 175 миң сомго айып салды

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөө иш-чараларынын натыйжасында мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн беш май куюучу жайга жалпысынан 175 миң сомго айып пул салган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда бир катар май куюучу жайлар Салык кызматына сатылып жаткан товарлардын кодун онлайн… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 331 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 331 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, айыккандардын басымдуусу Бишкекке, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча ковидди жеңип чыккандардын саны 101 миң 364кө жетти.

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы цемент заводу курулат

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы цемент заводу курулат. Ишкана Ынтымак айылынын Сары-Талаа тилкесинде жайгашат жана андан суткасына 3,5 миң тонна цемент өндүрүлөт. Муну менен 35 жаңы жумуш орду түзүлөт. Күтүлгөндөй, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат.

Түштүк Африканын 37 жаштагы жараны 10 ымыркайды бир төрөп, рекордду жаңыртты

Түштүк Африканын 37 жаштагы жараны 10 ымыркайды бир төрөп, рекордду жаңыртты. «Би-би-си» жарыялагандай, 7 уул жана 3 кыз операция жолу менен кечээ, апасынын курсагынан 29-жумада жарык дүйнөгө келишти. Ымыркайлар бир нече ай инкубатордо болушат. Жубайлар буга чейин 6 жаштагы эгиз балдарын тарбиялап келишкен. Эске салсак,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү айлампа жолдун курулушу уланууда

Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү айлампа жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, курула турган жолдун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 178 миллион сом. Учурда курулушка мамлекет тарабынан керектүү каражат бѳлүнүп берилди. Иштер графикке ылайык жүрүп… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында шахта кулап 1 адам каза тапты

Кечээ, 8-июнда саат 18:00дөр чамасында Баткендин Сүлүктү шаарындагы “Ас-Сүлүктү” шахтасы урап калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен шахтада иштеген 20 жаштагы жигит каза болуп, 36 жаштагы эркек адам жабыркаган. Анын абалы орто. Тартылган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, шахтадан каза болгон… Кененирээк…