Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт

Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт. Анын жүрүшүндө Кайгуул милициянын кызматкерлери жолдон Тез жардам кызматынын унаасын өткөрбөй аткан айдоочуларды аныктайт.

 

Тартип бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 10 миң сом айып салынат. Милициядан белгилешкендей, “Тез жардам” кызматы чакырууга ылдам жетиши керек, анткени, андан адамдардын өмүрү көз каранды болот.