Түштүк Африканын 37 жаштагы жараны 10 ымыркайды бир төрөп, рекордду жаңыртты.
«Би-би-си» жарыялагандай, 7 уул жана 3 кыз операция жолу менен кечээ, апасынын
курсагынан 29-жумада жарык дүйнөгө келишти. Ымыркайлар бир нече ай инкубатордо болушат.
Жубайлар буга чейин 6 жаштагы эгиз балдарын тарбиялап келишкен. Эске салсак,
буга чейинки рекорд Мали өлкөсүнүн жараны Халима Сиссеге таандык болчу.
Ал 9 ымыркайды бир учурда жарык дүйнөгө алып келген.