Кыргызстанда унаа транспортун кайра каттоо боюнча улуттук кампания жүрүүдө

Кыргызстанда унаа транспортун кайра каттоо боюнча улуттук кампания жүрүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, акция 31-декабрга чейин өтөт.

 

Бул убакыт аралыгында унаа ээлери машинесин бекитилген баа менен – 460 сомдон каттай алат. Бул баага жаңы күбөлүк жана көрсөтүлгөн кызмат кирет.

 

Эгер бул учурда унаа биринчи жолу каттоодон өтүп жатса, анда төлөм буга чейинки тариф менен жүргүзүлөт.