Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү айлампа жолдун курулушу уланууда.
Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык,
курула турган жолдун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун
сметалык баасы 178 миллион сом. Учурда курулушка мамлекет тарабынан керектүү
каражат бѳлүнүп берилди. Иштер графикке ылайык жүрүп жатат.