Кыргызстанда мигранттар үчүн www.migrant.kg сайты ишке кирди

Кыргызстанда мигранттар үчүн www.migrant.kg сайты ишке кирди. Бул тууралуу тышкы миграция департаментинен билдиришти. Бул веб-ресурс аркылуу мигранттар онлайн түрдө өздөрүн Россияга кирүүгө тыюу салынгандар тизмесинен текшерип жана жумуш берген жеке агенттиктер тууралуу биле алышат. Ошондой эле WhatsApp жана Telegramдан онлайн чат аркылуу же телефондон байланышып… Кененирээк…

Өзбекстан жарандары эми Ысык-Көлгө түз эле учуп келе алышат

Өзбекстан жарандары эми Ысык-Көлгө түз эле учуп келе алышат. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 11-июлдан тартып Ташкент-Тамчы-Ташкент багыты боюнча аба жолдору ачылат. Рейс жумасына бир ирет – жекшемби күнү аткарылат. Учуу убактысы 1,5 саатты түзөт.

Кыргызстанга Түркмөнстандан эки өлкө башчылары сүйлөшкөн жүктүн биринчи партиясы келди

Кыргызстанга Түркмөнстандан эки өлкө башчылары сүйлөшкөн жүктүн биринчи партиясы келди. Президент аппаратынан билдиришкендей, Бишкекке Түркмөнабад шаарынан жүктөлгөн учак келип конду. Эске салсак, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда 21 миллион доллардан ашык жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Андан тышкары, бир катар багыттагы кызматташтык тууралуу чечим… Кененирээк…

Ковидге кабылгандардын статистикасы көбөйүүдө

Ковидге кабылгандардын статистикасы көбөйүүдө. Бирден-бир себеп – калк массалык түрдө ПЦР-тест тапшырып жатат. Бул тууралуу Акипресске Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди Анын айтымында, вируска кабылгандардын дээрлик 80 пайызында белгилер жеңил формада өтүп жатат. Дарыгерлер болжолдошкондой, жакынкы жумаларда COVID басаңдап баштайт. Адис… Кененирээк…

Кыргызстанда Аль-Фараби казак университетинин бөлүмү ачылышы пландалууда

Кыргызстанда Аль-Фараби казак университетинин бөлүмү ачылышы пландалууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алынды.   Эки тарап окуу жайдын бөлүмүн ачуу боюнча бардык суроолорду карай турган бириккен топ түзүү боюнча макулдашты. Ага министрликтердин жана аталган университеттин өкүлдөрү… Кененирээк…

Парламенттин профилдик комитети мамлекеттик ипотеканы пайыздык ченин 4кө чейин төмөндөтүүнү жактырды

Парламенттин профилдик комитети мамлекеттик ипотеканы пайыздык ченин 4кө чейин төмөндөтүүнү жактырды. Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кароого алды, — деп билдиришти парламенттин басма-сөз кызматынан.   Эске салсак, аталган документ мамлекеттик ипотеканы алуу процедурасын кыйла жеңилдетет.   Ага ылайык, алгачкы төлөмдү… Кененирээк…

Москвада эмделбеген жарандарга коомдук транспортко кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Москва облусунун бийлиги 1-июлдан тарта коомдук транспортко кирүү QR-коду аркылуу гана жеткиликтүү болот деген чечим чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо министри Светлана Стригунковага шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.   «Жүргүзүлүп жаткан бардык чаралар коронавирус инфекциясынын жайылышын азайтууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз. Бирок белгилей… Кененирээк…

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Кушубак Ныязбеков иштен өз арызы менен кетип, анын ордуна Урмат Аттокуров дайындалды. Боршайкомдун маалымат кызматы Ныязбеков өз ыктыяры менен жумуш ордун бошотконун 25-июнь күнү жазды. Ал «Клооп» басылмасына курган маегинде айлык акынын аздыгы үчүн иштен кеткенин тастыктаган.   Ош аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүнүн башталышында… Кененирээк…

Кыргызстанга Африканын ысыгы келет

Кыргызстанга Африканын ысыгы келет.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, кийинки жумада Бишкекте аба табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Апта бою түнкүсүн дагы ысык: +25…29 градустун тегерегинде.   Буга байланыштуу, Ысык-Көл жээгине бет алса болот. Бул жерде температура мамычалары +34 градуска чейин жетет. Суунун температурасы 24 градус… Кененирээк…

Бишкек мэриясынан коронавируска кабылуу учуру кескин көбөйгөнүн түшүндүрүштү

Бишкек мэриясынан коронавируска кабылуу учуру кескин көбөйгөнүн түшүндүрүштү.   24 агенттигине ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей, ордо калаада абал туруктуу – суткасына 500-600дөн учур катталууда.   Статистикада шаар четинде жашагандар көп. Ал эми бүгүнкү көрсөткүч кескин көп болгонунун себеби – жеке лабораториялар 3 күндүн… Кененирээк…