Ковидге кабылгандардын статистикасы көбөйүүдө

Ковидге кабылгандардын статистикасы көбөйүүдө.

Бирден-бир себеп – калк массалык түрдө ПЦР-тест тапшырып жатат.

Бул тууралуу Акипресске Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди

Анын айтымында, вируска кабылгандардын дээрлик 80 пайызында

белгилер жеңил формада өтүп жатат. Дарыгерлер болжолдошкондой,

жакынкы жумаларда COVID басаңдап баштайт. Адис белгилегендей,

санитардык нормаларды сактоону унутпоо зарыл: баткап тагынуу,

аралыкты сактоо, массалык жыйындарга барбай туруу керек.

Эске салсак, бүгүн таңда Кыргызстанда 1 миң 965 жаңы учур

катталды. Анын 1 миң 490у Бишкекке туура келет.