Москвада эмделбеген жарандарга коомдук транспортко кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Москва облусунун бийлиги 1-июлдан тарта коомдук транспортко кирүү QR-коду аркылуу гана жеткиликтүү болот деген чечим чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо министри Светлана Стригунковага шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

 

«Жүргүзүлүп жаткан бардык чаралар коронавирус инфекциясынын жайылышын азайтууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз. Бирок белгилей кетсем, күтүлгөн натыйжага жетпесек, Москва облусунун саламаттыкты сактоо министрлиги 1-июлдан тарта кошумча чектөө чараларын сунуштайт. QR-коду бар Москва районунун тургундары гана коомдук транспорт колдоно алышы мүмкүн», — деген Стригункова.

 

Буга чейин Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 28-июндан баштап коомдук тамактануучу жайларга баруу үчүн QR-код системасын киргизген. Ага ылайык, эмделбеген жарандар тамактануучу жайларга кире алышпайт. Чектөөлөр жайкы верандаларга колдонулбайт. Ошол эле учурда QR-коду бар коноктор бөлмөдө бет капсыз жана кол капсыз жүрө беришсе болот.