Өзбекстан жарандары эми Ысык-Көлгө түз эле учуп келе алышат.
«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей,
11-июлдан тартып Ташкент-Тамчы-Ташкент багыты боюнча
аба жолдору ачылат. Рейс жумасына бир ирет – жекшемби
күнү аткарылат. Учуу убактысы 1,5 саатты түзөт.