Кыргызстанда Аль-Фараби казак университетинин бөлүмү ачылышы пландалууда

Кыргызстанда Аль-Фараби казак университетинин бөлүмү ачылышы пландалууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алынды.

 

Эки тарап окуу жайдын бөлүмүн ачуу боюнча бардык суроолорду карай турган бириккен топ түзүү боюнча макулдашты. Ага министрликтердин жана аталган университеттин өкүлдөрү кирет.