Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Кушубак Ныязбеков иштен өз арызы менен кетип, анын ордуна Урмат Аттокуров дайындалды.

Боршайкомдун маалымат кызматы Ныязбеков өз ыктыяры менен жумуш ордун бошотконун 25-июнь күнү жазды. Ал «Клооп» басылмасына курган маегинде айлык акынын аздыгы үчүн иштен кеткенин тастыктаган.

 

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүнүн башталышында чыгарган чечими коомчулукта талкуу жараткан.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Өлкөдөгү үч чоң шаарга кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.