Кыргызстандагы жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстандагы жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык, окуу жылынын башталышын жылдыруу чечими өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша кадимки режимде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды. Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринде дээрлик 153 миң кызматкер эмгектенет.… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Быйыл январдан июнга чейин Кыргызстанга 1 миллиард 253 миллион доллар келди. Бул былтыркы жылдын аталган мөөнөтүнө салыштырмалуу 276 миллион долларга көп, — деп билдиришти Улуттук банктан.  Которулган акчанын көбү, тагыраагы 97 пайызы Россиядан келет. Андан кийин эле АКШдан… Кененирээк…

Бишкек шаарынын прокурору болуп Рысбек Альчиев дайындалды

Бишкек шаарынын прокурору болуп Рысбек Альчиев дайындалды. Бул маалыматты АКИpress агенттигине көзөмөл органы тастыктады. Р.Альчиев 2021-жылдын 30-мартында башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган болчу. Бул кызматтан бошотулганы тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров 11-августта кол койгону белгилүү болду. Бишкек шаарынын мурунку прокурору Марсбек Кыдыкбаев ээлеген кызматынан бошотулганы 6-августта белгилүү болгон. Мындай… Кененирээк…

Ош шаарынын Жапалак айылындагы арматура заводу көчүрүлөт

Ош шаарынын Жапалак айылындагы арматура заводу көчүрүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга түштүк калаа мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов убада берди. Анын айтымында, өндүрүш үчүн башка аймактан жер берилет. Ал эми жашоочулар заводдон чыккан түтүнгө даттанышууда. Белгилеп кетсек, арматура заводу 2016-жылы кыргыз-кытай ишкерлери ачкан. Ишканада 100дөй… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри 26-августта шайланат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри 26-августта шайланат. БШКдан билдиришкендей, талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу. Каттоо үчүн талапкерди көрсөткөн субъекти 20-август, саат 6га чейин документтерди аймактык шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Калаа мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары аркылуу… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы таштанды талаасы пайда болот

Ош шаарында жаңы таштанды талаасы пайда болот. Курулуш иштерин жүргүзүүгө Евробирикме 10 миллион евро бөлүп берип, иштер 24 гектар аянтта башталды. “Акчабарга” “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, сумманын жарымы насыя түрүндө берилди. Ага кошумча контейнер жана техника сатып алынат. Документтештирүү иштери аяктагандан кийин жыл аягында тендер… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам туризм тармагы көп жоготууга учурады

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам туризм тармагы көп жоготууга учурады. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, бул тармактагы жоготуулар 80 пайызга жетти. Ишмердүүлүктүн 15 пайызга жакыны жабылды. Айрымдары убактылуу ишин токтотсо, кээ бири мындан ары такыр иштебейт. Кошумчаласак, Бириккен Улуттар… Кененирээк…

Башкы прокурордун орун басарлары кызматынан бошотулду

Башкы прокурордун орун басарлары Нуркамал Набиев менен Рысбек Альчиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ошондой эле дагы бир жарлыгы менен баш прокурордун биринчи орун басары болуп Абай Молдокматов дайындалды. Мындан сырткары, Кубан Адыл… Кененирээк…

Казакстанда мектептер жана жогорку окуу жайлар 1-сентябрда ачылат

  Казакстанда мектептер жана жогорку окуу жайлар 1-сентябрда ачылат. Мектептер, колледждер жана жогорку окуу жайлар кварц менен дезинфекцияланып турат. Беткап режими сакталат жана температура өлчөнөт. Балдар мектепке классикалык стилде кийинип келсе болот. Анын ортосунда мамлекеттик мекемелерде эмдөөдөн өткөн гана педогогдор иштейт. Бүгүнкү күндө мугалимдердин 93… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин Фатьянов, Кулатов, Тыныстанов, Горький, Манасчы Сагынбай, Үмөталиев, Токтогул, Москва, Чокморов, Юнусалиев, Жантошев, Жукеев-Пудовкин, Ахунбаев, Салиева кочолөрүнүн бир бөлүгүндө, «Ак-Босого», «Арча-Бешик» жана «Алтын-Ордо» конуштарында жарык жок болот.