Ош шаарында жаңы таштанды талаасы пайда болот

Ош шаарында жаңы таштанды талаасы пайда болот.

Курулуш иштерин жүргүзүүгө Евробирикме 10 миллион евро бөлүп берип,

иштер 24 гектар аянтта башталды. “Акчабарга” “Ош-Тазалык” муниципалдык

ишканасынан билдиришкендей, сумманын жарымы насыя түрүндө берилди.

Ага кошумча контейнер жана техника сатып алынат. Документтештирүү

иштери аяктагандан кийин жыл аягында тендер жарыяланат. Белгилеп кетсек,

Ош шаарындагы 54 гектардан турган таштанды талаасы 1970-жылдан бери

шаардыктардын пайдалануусунда. Учурда ал талапка жооп бербейт.