Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Быйыл январдан июнга чейин Кыргызстанга 1 миллиард 253 миллион доллар келди.
Бул былтыркы жылдын аталган мөөнөтүнө салыштырмалуу 276 миллион долларга
көп, — деп билдиришти Улуттук банктан. Которулган акчанын көбү, тагыраагы
97 пайызы Россиядан келет. Андан кийин эле АКШдан жөнөтүлөт. Эске салсак,
буга чейин жарым жылдыкта максималдуу акча которуулардын жогорку чеги
2018-жылы байкалган. Анда дээрлик 1 миллиард 230 миллион сомго жеткен.