Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри 26-августта шайланат.
БШКдан билдиришкендей, талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин
депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер
кабинетинин төрагасы укуктуу. Каттоо үчүн талапкерди көрсөткөн субъекти
20-август, саат 6га чейин документтерди аймактык шайлоо комиссиясына
тапшырышы керек. Калаа мэри тиешелүү шаардык кеңештин
депутаттары аркылуу жабык тартипте шайланат.