Бишкек шаарынын прокурору болуп Рысбек Альчиев дайындалды.
Бул маалыматты АКИpress агенттигине көзөмөл органы тастыктады.
Р.Альчиев 2021-жылдын 30-мартында башкы прокурордун орун басары
болуп дайындалган болчу. Бул кызматтан бошотулганы тууралуу буйрукка
президент Садыр Жапаров 11-августта кол койгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын мурунку прокурору Марсбек Кыдыкбаев ээлеген
кызматынан бошотулганы 6-августта белгилүү болгон. Мындай чечимге
ишкерлик субъектилеринин ишине мыйзамсыз киришүү жана мыйзамсыз
түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактылары себеп.
Кыдыкбаев Марсбек Бекбосунович Бишкек шаарынын прокурор
у болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.