Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Суванбердиев, Тыныстанов көчөлөрүндө жана Малиновка, Кашка-Суу, Байтик, Лебединовка, Кызыл-Туу, Комсомол, Манас айылдарында, Кара-Балта, Шопоков шаарларында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов дагы бир ирет сыйланды

Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов дагы бир ирет сыйланды. Ош шаарынын мэри жана  президенттин аймактагы өкүлү спортчуга эки бөлмөлүү батир жана   10 миң доллар тапшырды.   Эске салсак, Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени,   10 миллион сом… Кененирээк…

Перуда бир учурда дароо 200 жуп баш кошту

Перуда бир учурда дароо 200 жуп баш кошту.   Салтанатты Лима шаарынын мэри башкарды.   Кызыгы, үйлөнүп жаткан жуптардын эң улуусу 80 жашта болсо, эң жашы болгону 20да. Жергиликтүү бийлик ар бирине белек ыйгарды. Массалык үйлөнүү үлпөткө чейин бардык катышуучулар коронавируска тест тапшырган.