Шанхай инженерлери көзү азиз адамдарга жардам берген акылдуу робот-иттерди ойлоп тапты.
Андагы жасалма интеллекттин жардамы менен смарт-ит интернети жок эле автономдук түрдө иштеп, айлана-чөйрөнү анализдеп, командаларды аткарып, ээси менен сүйлөшө алат.
Бирок анын иттерден айырмасы бар – робот алты буттуу. Бул коопсуздук үчүн жасалган.